Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан бүгүн ойнойт


Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (кызыл кийимчен) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (ак кийимчен). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл.
Тажикстандын курама командасынын оюнчусу Мухаммаджон Рахимов (кызыл кийимчен) жана Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Бахтияр Дүйшөбеков (ак кийимчен). Тажикстан, Дүйшөмбү шаары. 5-сентябрь, 2019-жыл.

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, кечки саат 20:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешет. Оюн 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтөт.

18-ноябрда эки команда тең оюн алдындагы расмий машыгууларын өткөрүштү.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин эртеңки оюнда жеңишке жетүүнү көздөп жатат. Анын пикиринде, ​«Кыргызстандын бул беттештеги эң башкы каршылашы - бул биз өзүбүз». Ал мурда кетирген каталарды кайталаганга жол бербей, сергек ойноо зарыл болуп турганын айтты:

- 5-сентябрда Тажикстанда өтө начар оюн көрсөткөнбүз. Мен машыктыруучу болуп тургандан бери мындай начар ойной элек болчубуз. Биз ал оюнду талдап көрдүк. Тажикстан менен болгон оюн тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш болчу. Андан бери канча оюн өткөрдүк? Беттештен беттешке жакшы ойноп жатабыз. Команда чогуу болгондо техникалык жана физикалык жактан да алдыга жылып жатабыз. Жапония менен болгон оюнга жакшы даярдандык. Баарын оюндан көрдүңүздөр. Азыр эч нерсе өзгөргөн жок. Биз эң башкысы - упай жоготпошубуз керек. Тажикстандан жеңилгенде нааразылык көп болду. Эртеңки оюнда мунун баарын оң жагына чечип, жөнгө салыш керек деп турабыз.

Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беш турдан кийин F тайпасында алтыдан упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн ат салышып келатат.

Тажикстандын командасы өткөн аптада дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилди. Ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде жеңилген.

Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. 5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында баратат.

Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Монголия менен Мьянмада үчтөн упай бар.(GT)

XS
SM
MD
LG