Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдагы башчысы Уланбек Чалбаевди былтыр пара алууга шектүү катары кармаганда далил зат катары алынган 200 миң доллар тергөө маалында жоголгону тууралуу маалыматты четке какты.
Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-ноябрда далил зат катары алынган 200 миң доллардын негизинде Уланбек Чалбаевге карата өкүм чыгарганын жана сөз болуп жаткан акча сот тарабынан мамлекетке киреше катары алынганын айтты. Андан тышкары каражат учурда УКМКнын тергөөчүсүндө экенин кошумчалады.
- Акча мамлекетке өткөзүлүп берилет. Каражат болсо тергөөчүдө. Далилдер көрсөтүлмөйүнчө соттун чечими чыкпайт. Силер муну билесиңер да, - деди Сулайманов.
УКМК 200 миң доллар жоголгондугу тууралуу маалыматтын тарашын атайын кызматтын жетекчилигин жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жасалган иш катары баалады.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-ноябрда Чалбаевге карата өкүм чыкканын ырастады, бирок канча жылга кесилгени тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин кабарлады.
Буга чейин Уланбек Чалбаевдин атасы Акматбек Чалбаев анын уулунун иш бөлмөсүнөн далил зат катары табылган 200 миң доллар жоголуп кеткенин айтып чыккан.
УКМК 2018-жылы 16-апрелде Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын башчысы Чалбаевдин иш бөлмөсүндө ыкчам тинтүү иштери жүрүп, анда табылган баштыктан 200 миң доллар чыкканы жарыяланган.
УКМК ошол кезде акчаны Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан, парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун кылмыш ишин анын пайдасына чечип берүү максатында берилген пара катары сыпаттаган. (BTo)