Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

«Талибан» кыймылы «эң канкор террордук топ» деп аныкталды


«Талибандын» лидерлери.
«Талибандын» лидерлери.

Глобалдык терроризм индексине ылайык, былтыр «Талибан» кыймылы адам өмүрүн эң көп кыйган террордук топ деп табылды. Сиднейдеги Экономика жана тынчтык институту шаршембиде жарыялаган баяндамада айтылгандай, талибдердин колунан ажал тапкандардын саны дээрлик 71 пайызга көбөйгөн.

Дүйнөдөгү терроримзге байланышкан адам өлүмүнүн 38 пайызы ушул согушкер топко туура келет жана «Талибан» мындай көрсөткүч менен «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунан ашып түштү. Бул уюм уюштурган чабуулдарда ажал тапкандар 70 пайызга азайган.

Уюмдун эсебинде, террордон каза тапкандардын саны жалпысынан 2018-жылы 15 пайыздай азайган. Бул 2014-жылга салыштырмалуу эки эсе кемиди дегенди билдирет.

Бирок ошол эле учурда 2014-2018-жылдар аралыгында Батыш Европа менен Түндүк Америкада ашынган оңчул террорчулардын колунан өлгөндөр көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG