Пакистанда оппозиция лидерлери жана дин ишмерлери тарапташтарын ири шаарлардагы кан жолдорду бууганды токтотууга чакырышты. Алар мындай көрүнүш эң ириде жайкын тургундарга эле кесепетин тийгизерин эскертишти.
Алар 19-ноябрда Исламабаддагы басма сөз жыйынында премьер-министр Имран Хандын кызматтан кетишин талап кыла беришерин айтып убада беришти.
Пакистанда оппозициялык «Жамиат Улема-и Ислам» партиясынын жетекчиси Маулан Фазлур Рехман башында турган өкмөткө каршы нааразылык акциялары өткөн айда башталган. Анда миңдеген адам премьер-министрдин кызматтан кетишин, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылып 31-октябрда тарта Исламабаддагы кан жолдорду боюнда отуруп алып каршылык көрсөтүп жаткан. Рехман аларды 13-ноябрда жолдорду тосууга чакырган.
Имран Хан өкмөттү былтыртан бери жетектеп жатат жана ал бийликке келгенде коррупцияны жоюп, элдин ортоңку катмарынын социалдык абалын оңдоп, экономиканы өнүктүрүү тууралуу убада берген. Бирок анын өкмөтү быйыл жайында Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) алты миллиард доллар өлчөмүндөгү жардам сурап кайрылганга аргасыз болгон.
Пакистанда соңку 70 жылдан бери бир да өкмөт башчы кызмат мөөнөтүндө толук иштеген эмес.