Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Түркмөнстанда 19 жылдан кийин биринчи жолу опера коюлду


Театрга көрүүчүлөр жык толду.
Театрга көрүүчүлөр жык толду.

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында мамлекеттик театрда ишемби күнү италиялык композитор Ружеро Леонкаваллонун «Паяцы» операсы көрсөтүлдү. Бул өлкөдө тунгуч президент, маркум Сапармурад Ниязовдун бийлигинин тушунда балетке да, операга да "түркмөн элинин кулк-мүнөзүнө туура келбейт" деген негизде тыюу салынган.

Опера Түркмөнстан менен Италиянын ортосундагы маданий алака-катыш программасынын алкагында коюлду жана театрдын залы көрүүчүлөргө жык толду.

Башкы партияны италиялык тенор аткарды. Ага түркмөн артисттери, анын ичинде баритон Амангелди Аманов да катышты. Ал акыркы жолу Ашхабаддагы театр сахнасына 2001-жылы чыккан. Түрмөнстанда ошол жылдан тарта опера менен балетке тыюу салынган.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов бийликке 2006-жылы Сапармурат Ниязов өлгөндөн кийин келген. Ал да мындай тыюуну уланткан.

Жаратылыш газына бай Түркмөнстан дүйнөдөгү эн жабык өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет жана мамлекет коомдук жашоонун бардык тармагын тыкыр көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG