Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 21:15

Элчилик: Аброр Азимов Кыргызстандын жараны эмес


Аброр жана Акрам Азимов.

Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги таратты. Анда 2017-жылдын 3-апрелинде Санкт-Петербург шаарындагы метродо теракт уюштурууга катышкан деп айыпталган Аброр Азимов Кыргызстандын жараны эмес экендигин эскерткен. Мындан тышкары элчилик журналисттерди мындай мүнөздөгү маалымат берүүнүн алдында адамдардын чыныгы жарандыгын белгилөө менен так болууга чакырган.

2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жардыруу болгону, андан 15 киши каза таап, элүүдөй киши жабыркаганы кабарланган. Бир да террордук уюм бул калаба үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес.

Кийинчерээк Орусиянын ФСБ кызматы «терактты мурда Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны, 22 жаштагы жан кечти Акбаржон Жалилов уюштурганы тергөөдө аныкталды» деп жарыялаган. Ал эми аны уюштурууга катышы бар киши катары Акбар жана Аброр Азимовдор камакка алынган. Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алышкан бул ага-инилер өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагып келе жатышат.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG