Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №13 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын мушташына байланыштуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова кызматтан алынды.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси «Мамлекеттик, жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын 47-беренесине («Кызыкчылыктардын кагылышуусу») ылайык жумуштан алынды.
20-ноябрда социалдык тармактарга Аксы районундагы №13 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын мушташы тартылган видеотасма тараган.
Министрлик тараткан маалыматта жетекчи окуучулар арасында тиешелүү тарбиялык иштерди жүргүзбөгөнү, Зиябекованын буга чейин да жоюлбаган тартиптик жазасы бар экени айтылат. (BTo)