Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте 21-ноябрда «Ислам жана православдык тынчык диндери» аталышындагы эл аралык конференцияда сүйлөп жатып, бир да жеткинчек светтик илимден четте калбашы керек экенин айтты. Ал балдардын билим алууга болгон укугу Кыргызстандын Конституциясында да так жазылганын белгиледи.
- Медресе болобу, чиркөө болобу, диний билим берүү иш-аракети мамлекеттик негизги жалпы билим алууга кедерги болбошу керек, - деди президент.
Ошондой эле Кыргызстан Евразия мейкиндигиндеги бардык өлкөлөр менен дин тармагында кызматташуусу керек экенин айтты. Ал диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын мөөнөтү 2020-жылы аяктаарын белгилеп, жаңы концепсия иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи.
Бишкекте «Ислам жана православдык тынчык диндери» аталышындагы эл аралык конференция өтүп жатат. Ага Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн конфессия өкүлдөрү катышууда. (TSh)