Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Эки кишини өлтүрүүгө шек саналган адамды издөө токтотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагеринде эки кишини өлтүрүп, бир адамды барымтага алды деп шек саналган Сергей Смирновду издөө иштери токтотулду.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 21-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Смирнов Эңилчек дарыясын сүзүп өтүүдө чөгүп кетиши мүмкүн экенин айтты.

- Мен издөө иштерине катышкан беш күн ичинде суунун деңгээли эки метрге чейин көтөрүлүп турду. Эңилчек дарыясынан өтүү мүмкүн болбогондуктан издөө иштери токтотулган. Баштапкы маалымат боюнча ал кыргыз-казак чек арасынан өткөн эмес. Биздин божомол боюнча ал Эңилчек дарыясын сүзүп өтүп баратып чөгүп кетиши мүмкүн, - деди Каниметов.

Буга чейин ал чет мамлекетке чыгып кетиши мүмкүн деген божомол болуп, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Смирновго эл аралык издөө жарыялаган. Бирок ал да жыйынтык берген эмес.

Июль айында «Хан-Теңири» альплагеринде Сергей Смирнов аттуу киши эки адамды атып өлтүрүп, үчүнчүсүнө бычак сайып, аялды барымтага алып качып кеткен. Эртеси күнү шектүү барымтага алынган аялды бошоткон. (BTo)

XS
SM
MD
LG