Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

22-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек. Архивдик сүрөт.
Бишкек. Архивдик сүрөт.

Шашылыш билдирүү

22-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 1…6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Нарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачындын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз -1ден +1ге чейин болот.

XS
SM
MD
LG