Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 21:25

Сулайманов: түзүлчү депкомиссия Түркия менен кызматташууга тийиш


Алтынбек Сулайманов.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 21-ноябрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлчү комиссия кытайлык ишкердин өлтүрүлүшүнүн себебин гана эмес, анын Кыргызстандагы ишмердигин, кимдер менен байланышта болгонун, буга чейин «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган акча которуунун чоо-жайын да иликтеши керек. Ошол эле кезде Сулайманов Саймаити менен мурда тааныш болгонун ырастап, бирок акыркы жылдары байланышпаганын айтты.

Жогорку Кеңештин 21-ноябрдагы жыйынында уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүп, иликтөө сунушталган. «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов фракциянын бул тууралуу чечими даяр экенин билдирген.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып кетишкен. Кытайлык ишкер оор жаракатынан улам ооруканада эсине келбей каза тапкан. Түркияда аны өлтүрүүгө байланышы бар деген төрт киши кармалган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейнж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас бул окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (BTo/BkA)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG