Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Иранда экологиялык фонддун мүчөлөрү «тыңчылык» үчүн соттолду


Соттолгондор.
Соттолгондор.

Иранда эки жылга жакын убактан бери тергөө абагында кармалып жаткан «Жапайы жаратылыш боюнча Перс фондунун» алты мүчөсүнө сот өкүмү чыгып, алар алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Аларга «башка өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылган, өлкөнүн душманы деп эсептелген АКШ менен байланышы болгон» деген айып коюлган. Тергөөдө соттолгондор «экологиялык жана илимий долбоорлорго жамынып алып, өлкөдөгү стратегиялык маанилүү райондор тууралуу жашыруун маалыматтарды тымызын топтоп жүргөн» деп айтылган. Бирок кармалгандар күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Ирандагы адам укуктары боюнча Нью-Йоркто жайгашкан борбордун аткаруучу директору Хади Гами соттолгондорго жалган айып коюлганын, алардын күнөөсү далилденбегенин айтып, сот чечимин айыптады. Ал былтыр январь айында кармалган башка бир топтогу эколог активисттерге соттун өкүмү чыга элек экенин кошумчалады.

Сот органынын басма сөз катчысы Голамхоссейн Эсмаили фонддун мүчөлөрү соттун жогорку инстанциясына - Тегерандагы Революциялык сотко кайрыла алышарын билдирди.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары экологдорду бошотууну талап кылышкан.

Бул сот өкүмү өлкөдө бир канча күндөн бери токтобой жаткан калайман нааразылык акцияларынын маалына туш келди.

«Amnesty International» эл аралык уюму Иранда мунайдын кымбатташына каршы чыккандарды күч менен басууда кеминде 100дөй киши өлтүрүлгөнүн, бул сан дагы көбөйүп, ал тургай 200гө чамалашы ыктымал экенин кабарлаган. Тегеран муну «негизсиз айыптоо жана жасалма маалымат» деп атаган.

XS
SM
MD
LG