Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

ИИМ: буюртма киши өлтүрүү жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Кыргызстанда милиция кылмыштуулук менен күрөшүп жатканын, «уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрдү» деген маалыматтарга кошулбай турганын айтты:

- Акыркы үч жылдын ичинде буюртма киши өлтүрүү, криминалдын тиреши болгон жок. Бакиевдин, мурдагы президенттердин убагында бир айда үч-төрттөн киши өлтүрүү болуп турчу. Бакиевдин убагында, 2007-2008-жылдары бийлик өкүлдөрү, кылмыш дүйнөсү - бардыгы аралашып Медет Садыркуловду өлтүргөн. Бул кылмыш ишине 28 киши катышканы аныкталып, иш сотко өткөнүн билесиңер.

21-ноябрда Ички иштер министрлиги Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалы жана чуулгандуу иштер боюнча маалымат берди.

Бишкекте кыска убакыттын ичинде адам өмүрүн алган чуулгандуу кылмыштар катталды. «Мадина» базарында соода кылган Кытай жараны Хуфур Абдурахеман аттуу ишкер октябрда киши колдуу болгон. Бул кылмышты иликтөөнүн алкагында жети адам кармалды. ИИМ алар акчасы жоктугунан улам Абдурахеманды тоноо үчүн өлтүрүшкөнүн кабарлады.

Андан кийин 23-октябрда «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган. Милиция анын өлүмүнө шектүү катары эки киши кармалып, дагы экөөнө издөө жарыяланганын билдирди. ИИМдин маалыматы боюнча, киши колдуу болгон адам акча ташуу менен алектенген, аны өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалгандардын жанынан 100 миң доллардан ашык акча табылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG