Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Жогорку Кеңеште уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим парламенттин 21-ноябрдагы жыйынында кабыл алынды.

Аталган депутаттык комиссияга КСДП фракциясынан Искендер Матраимов, Өмүрбек Бакиров, Сайдиломжон Жураев жана Аалы Карашев, «Республика - Ата Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов кирди. «Кыргызстандан» Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Өнүгүү-Прогресстен» Тынчтык Шайназаров, «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кирди.

Жогорку Кеңештин 21-ноябрдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылып, аны бир катар депутаттар колдоп чыгышкан.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып кетишкен. Кытайлык ишкер оор жаракатынан улам ооруканада эсине келбей каза тапкан. Түркияда аны өлтүрүүгө байланышы бар деген төрт киши кармалган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейнж Ровер» автоунаасынын номуру Стамбул шаарындагы кыргыз консулдугуна таандык экенин ырастаган. Ал эми жолтандабас бул окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковго таандык экени аныкталган.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG