Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:56

Екатеринбургда борбор азиялык мигранттар маселеси талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мигранттардын мажбурланган жана көмүскө эмгегин талкуулаган жыйынга Свердлов облусунун жана Екатеринбург шаарынын бийлик өкүлдөрү, жарандык коом, Екатеринбург шаарындагы башкы консулдуктардын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Ѳзбекстандын миграциялык уюмдарынын жетекчилери, ѳкүлдѳрү жана эксперттер катышты.

Жыйында мажбурлап иштетүүгө каршы күрѳшүүнүн жолдору, мигранттар менен иштеген мамлекеттик органдардын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын жана иш берүүчү же ортомчу жеке ишканалардын орду тууралуу маселелер көтөрүлдү.

Мындан тышкары катышуучулар мажбурлап иштетүүдөн жапа чеккендерди аныктоо жана аларды мекенине жѳнѳтүү маселесинин азыркысы жана келечеги жөнүндө да сөз козгошту. Эксперттер мигранттардын мыйзамсыз иштөөсүнүн жана адам сатуунун алдын алуу, мигранттардын социалдык укуктарын коргоо боюнча долбоорлордун айланасында пикир бөлүштү.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда 700 миңден ашуун кыргызстандык жаран иштейт. Өлкө ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин кыргызстандык жарандардын иштөө шарттары бир топ жеңилдеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG