Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Сербия Орусияны тыңчылык боюнча айыптоодо


Серб президенти Александр Вучич.
Серб президенти Александр Вучич.

Серб атайын кызматтары орусиялык тыңчынын жана серб армиясынын кызматкерлеринин катышы бар деген ири чалгын операциясынын бетин ачышты. Бул тууралуу Сербиянын президенти Александр Вучич 21-ноябрда билдирип, бирок бул чатак Москва менен Белграддын достук мамилесине доо кетире албай турганын айтты. Ал улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, соцтармакка жарыяланган тасмада акча алып жаткан киши серб армиясынын мурунку офицери болгонун белгиледи, бирок аты-жөнүн толук атаган жок.

Президенттин сөзү боюнча тасманы серб агенттери тартышкан эмес. Вучич Сербиянын коопсуздук кызматында орусиялык башка тыңчылар тууралуу да маалыматтар бар экенин кошумчалады. «Биз дагы башка орус тыңчыларын аныктадык, алар серб армиясындагы мурдагы жана азыркы тогуз офицер менен кызматташып жүргөнү билинди» деди ал.

«Youtube» каналына бир канча күн мурда жарыяланган тасмада Орусиянын чалгынчысы катары кеп болгон адам Сербиядагы агенти катары белгиленген кишиге акча берип жатканын көрүүгө болот. Тасмадагы орус тыңчысы Белграддагы аскердик атташе, орусиялык аскердик чалгын кызматынын өкүлү Георгий Клебан деп айтылды. Президент Вучичтин жыйында айткан сөзү боюнча, Клебан серб армиясындагы үч адам менен кызматташып, үч жолу акча берген.

Вучич Орусиядан тышкары Батыш өлкөлөрүнүн да айрымдары Сербияны аңдып атышканын айтты.

XS
SM
MD
LG