Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

«Ата Мекен» фракциясы «Арзан турак жай 2015-2020» программасын талкуулайт


Фракциянын 22-ноябрдагы жыйынында аталган программанын аткарылышы боюнча маселе көтөрүлөт. Жыйынга Финансы министрлигинен, өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү чакырылган.

Өкмөттүн «Арзан турак жай 2015-2020» программасы иштей баштагандан бери ипотекалык насыянын үстөк пайызы үч эсе азайган. Ал 2016-жылы 10-12% болсо, 2018-жылы 7-9% чейин төмөндөгөн. Өкмөт эмки максат үстөк пайызды 6-8% чейин төмөндөтүү экенин билдирген.

Жалпы жолунан кыргыз өкмөтү Мамлекеттик ипотекалык компания иштей баштагандан бери жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү жолу аркылуу 4371 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылды.

Буга чейин Германия Кыргызстанга турак жай программасын колдоо максатында 10,5 миллион евро бөлүп берери кабарланган. Кыргыз өкмөтү «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашырыш үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияны түзгөн. Бул компания бюджеттик мекемелерде иштегендерге арзан турак жай алыш үчүн 10 жылдан ашык убакытка ипотекалык насыя берип жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG