Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 21:13

Бишкек-Ош жолунда адам өмүрү кыйылган кырсык болду


Бишкек-Ош автоунаа жолунун 191-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу 22-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «Мерседес-Спринтер» автоунаасынын айдоочусу жолдун боюнда токтоп турган оор жүк ташуучу машиненин артынан сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, төрт адам жабыркады.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жалпысынан алты куткаруучу тартылды. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG