Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Өкмөт аймактардагы долбоорлорду каржылоого акча бөлдү


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт ишкерликти колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө биринчи жолу бюджеттен каражат бөлгөнүн жарыялады.

Маалыматка караганда, аймактардан 94 бизнес-долбоор түшкөн. Алардын ичинен комиссия 538,3 млн. сом суммасына 30 долбоорду жактырган. Алар ишке ашырылса 1451 жумуш орун түзүлөт. Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба багыты, кайра иштетүү, туризм, коммуникация, саламаттык сактоо жана кен иштетүү тармагына тиешелүү.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул каражат чакан жана орто бизнести колдоого багытталгандыктан бир долбоордун суммасы 30 млн. сомдон ашпашы керек экенин айтты. Ал эми насыянын мөөнөтү беш жылдан жогору болбоого тийиш.

- Бул мезгилде насыяны төлөп бүтүүгө болот. Анткени долбоор боюнча пайыздык коюмдар коммерциялык банктар тарабынан бизнести өнүктүрүүгө берилген насыяларга караганда төмөн, - деди Абылгазиев.

Премьер-министр кеңешмеде долбоорлорду талдаган комиссияга берилген каражат кайтарымдуу болушу керек экенин айтып, аймактарда ишке ашырылчу долбоордун келечегине көңүл бурууга чакырды. (BTo)

XS
SM
MD
LG