Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:39

«Азия Ньюс» гезити дагы 1 млн. сомго айыпка жыгылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук соту вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун «Азия Ньюс» гезитине каршы доо арызын канааттандырып, гезитти 1 млн. сом айыпка жыкты. Райондук сот мындай чечимди 19-ноябрда чыгарганын аталган гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев билдирди.

- Судья биздин жүйөлөрдү эске албай туруп, бир жактуу чечим чыгарып койду. Гезитке мурда башка сайттарда жазылган жана Жогорку Кеңеште Жеңиш Разаков боюнча шектенген пикирлер гана жазылган. Биз ошолорду эле кайталаганбыз, - деди Сартбаев.

Жеңиш Разаков «ар-намысыма шек келтирди» деп кадыр-баркын коргош үчүн «Азия Ньюс» гезитин ушул жылдын август айында сотко берген. Разаков «басылма Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси бар деген анык эмес маалыматты жарыялаган» деп, соттон гезиттен 10 млн. сом өндүрүп берүүнү сураган.

Өткөн айда Октябрь райондук соту ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин да «Азия Ньюс» гезитине каршы доо арызын канааттандырып, гезитке 1 млн. сом айып салган.

Аслан Сартбаев гезит Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен да соттошуп, ага 15 миң сом төлөмөр болгонун кошумчалады. (BTo)

XS
SM
MD
LG