Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:05

Каптагаев иликтөөдөгү жоопкер адамдар камалышы керек экенин айтты


Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев коомчулукта талкуу жараткан «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөө боюнча президент чукул чараларды көрбөсө элдин бийликке болгон ишеними биротоло жоголушу мүмкүн экенин айтты.

Ал «Азаттыкка» берген комментарийинде «депутаттык комиссия түзүлдү. Тергөө жүрүп жатат» деген жалпы жооткотуучу сөздөрдү коомчулук кабыл албай турганын билдирип, бажыдагы коррупциялык иштерге тиешелүү адамдар камалышы керек экенин кошумчалады.

- УКМКга, Башкы прокуратурага, ИИМге ишеним жок болуп жатат. Балким чукул арада мекеме аралык комиссия түзүп, ага тергөө, жоопко тартуу боюнча бардык ыйгарым укуктарды бериш керек. Эки-үч күндүн ичинде жоопкер болгон ондогон кишилерди камаш керек, - деди Каптагаев.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Акыркы иликтөө боюнча Райымбек Матраимов комментарий бере элек. Ал эми анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «инимдин өзү менен байланышкыла» деп, «Азаттыктын» калган башка суроолоруна жооп берген жок.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (BTo/BkA)

XS
SM
MD
LG