Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров 22-ноябрда Гонконгдо билим алып жүргөн, бирок консулдук каттоого турбаган 142 студенттин кайда экени, дайын-дареги белгисиз болуп жатканын айтты. Ал ушул апта соңунда 40 адам учуп келерин белгиледи.
Мунун алдында Гонконгдо өкмөткө каршы калайман нааразылык акцияларына байланыштуу шаардагы Баптисттик университеттин 1-курсунун студенти, Казакстандын жараны Абилкаир Нукпи камалганы белгилүү болгон. Айрым бир маалыматтарга аталган окуу жайындагы нааразылык акцияларынын маалында Абилкаир Нукпинин колунда бөтөлкөгө куюлган күйүүчү май болгон.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Гонконгдо окуп жаткан казакстандык студенттерди мекенине келүүгө чакырган жана 18-ноябрда 120дай студент учуп келген.
Гонконгдо бир канча айдан бери миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон. Шаардын жетекчилиги документти парламенттен биротоло кайтарып алган.
Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.