Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 9-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 02:08

Казакстанда жарандык активисттер айып пул төлөөгө милдеттендирилди


Полиция активисттерди кармап кетүүдө. Нур-Султан, 22-ноябрь 2019-жыл

Казак баш калаасындагы райондук сот жарандык активист Санавар Закированы жана дагы бир нече аялды айып пулга жыкты. Алар жума күнү «Хазрет Султан» мечитинин жанында акча чогултуп турушкан. Аялдардын айтымында, акча «Нур Отан» партиясынын доо арызы боюнча салынган айыпты төлөөгө кетмек.

Полиция кайыр сураган активисттер коомдук жайда «элге асылган» деп протокол түздү. Бир саатка жетпеген акция маалында 80 миңден көп теңге чогултулган.

«Нур Отан» партиясынын бир нече мүчөсү активисттер социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарга «жалган маалыматтарды таратышкан» деп айыпташкан. Жана 18-ноябрда Алматы соту аларды айып пул төлөөгө милдеттендирген. Закирова «Биздин укук» партиясын түптөрүн билдиргенден бери түрдүү тоскоолдуктарга туш болуп келатканын айтууда.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG