Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Киев: Орусия Крымда жүздөн ашуун саясий туткунду кармап турат


Орусия аннексиялап алган Крымда бери дегенде 110 саясий туткунду кармап турат. Бул тууралуу Украина президентинин аталган жарым аралдагы өкүлү Антон Кориневич билдирди. Анын айтымында, камактагылар Киев менен Москванын алмаша турган туткундардын тизмесине кирген.

Алмашуу маселеси Украина, Орусия, Франция жана Германия лидерлеринин "Норманд форматындагы" саммитинде талкууланат. Сүйлөшүүлөр 9-декабрда Парижде болот. Баштапкы макулдашууларга ылайык, "баарын баарына алмашуу" схемасы ишке ашырылат. Сентябрдагы алмашуу "35ке 35" ыкмасында ишке ашкан.

Украина президенти Владимир Зеленскийдин Крымдагы өкүлү Киев жарым аралды зордук менен эмес, дипломатиялык жол менен кайтарып алууга ыктап жатканын белгиледи. Жакын арада Орусиянын Крымдагы аскерий аракеттери жөнүндө баяндама жарыяланып, ал эл аралык уюмдарга берилет. Анын арты менен Украина Орусияга каршы санкцияларды дагы да күчөтүүнү көздөйт.

Орусия 2014-жылы Украинадагы Евромайдан окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан көп өтпөй Крым жарым аралын аннексиялаган. Кремлдин бул аракети БУУга мүчө 100дөн ашык өлкөнүн кескин сынына кабылып, Москва Батыштын санкциясына туш болгон.

2019-жылдын 14-ноябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын Үчүнчү комитетинде Крым жарым аралындагы адам укуктарынын сакталышы боюнча резолюция талкууланган. Анда Кыргызстан Орусияны колдогон. (SE)

XS
SM
MD
LG