Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:28

Абдурахманхажи Муртазалиев дүйнө чемпионатында күмүш медаль алды


Абдурахманхажи Муртазалиев
Абдурахманхажи Муртазалиев

Кыргызстандык балбан Абдурахманхажи Муртазалиев Бириккен Араб Эмиратында жиу-житсу күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Беттештер ушул күндөрү Абу-Даби шаарында болууда.

Муртазалиев 85 килограмм салмакта күч сынашып, финалда орусиялык Абдулбари Гусейнов менен беттешти.

Андан тышкары кыргызстандык Муртазали Муртазалиев, Урматбек Полотбек уулу жана Төрөкан Багынбай уулу да килемге чыгып, жеңилип калышты. (GT)

XS
SM
MD
LG