Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

АКШ вице-президенти Иракка күтүүсүздөн барды


АКШнын вице-президенти Майк Пенс 23-ноябрда Иракка күтүүсүздөн барды. Ал Анбар провинциясында америкалык аскерлер жайгашкан авиабазага барганын маалымат каражаттары жазышты.

"Reuters" агенттиги өз булагына таянып кабарлагандай, Пенс аскерлердин жана алардын союздаштарынын жихадчыларга каршы күрөшүн колдоп, дем-күч бергени келген.

Вице-президент Ирактын премьер-министри менен телефондон сүйлөшкөн, бирок аткаминерлердин кимиси менен жолукканы тууралуу маалымат жок.

Ал тапта Иракта эки айга жакын убакыттан бери жапырт демонстрациялар уланууда. 23-ноябрь күнү акцияга чыккандардын бири курман болгону кабарланды. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. Тоз-тополоңдо бери дегенде 320 адам мерт болду.

2003-жылы АКШнын жардамы менен Саддам Хусейн бийликтен кулагандан бери Иракта шииттер башкарган Ирандын таасири кыйла күчөдү жана Тегеран бул өлкөдөгү шиит саясий топторун колдоп келет.

Ирак ошол эле кезде Кошмо Штаттарынан аскердик, саясий жана каржылык жардам алат. Багдад ушундан улам Вашингтон менен да, Тегеран менен да тең салмак байланышты сактап калууга аракет кылат.

Иракта 40 миллиондой эл жашайт жана ал кара май өндүрүп, экспорттогон дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG