Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:53

КСДП Фарид Ниязовдун ачык кайрылуусун таратты


 Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын басма сөз кызматы партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, президенттик аппараттын мурдагы башчысы, азыр камакта отурган Фарид Ниязовдун ачык кайрылуусун жарыялады.

Анда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун президенттикке киришкендеги инаугурациясы менен 2017-жылдын 3-ноябрында түзүлгөн атайын уюштуруу тобу алектенгени, президенттик аппарат кийлигишпегени жазылган. Ниязов уюштуруу тобундагы 16 кишинин үчөө Алмазбек Атамбаевдин президенттик аппаратынын өкүлдөрү болгонун кошумчалаган.

Кайрылуу 24-ноябрда партиянын электрондук дареги аркылуу таратылды.

Жээнбековдун аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген журналисттик иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдукадыр инаугурацияга катышканы тууралуу түшүндүрмө берип, уюштуруу иштери менен Алмазбек Атамбаевдин тушундагы президенттик аппарат алектенгенин билдирген эле. Ал кезде аппаратты Фарид Ниязов башкарган.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыялаган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы жөнүндө маалыматтар бар.

Фарид Ниязов быйыл 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы башаламандыкты уюштурган деп камакка алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG