Нью-Йорктун мурдагы мэри, миллиардер Майкл Блумберг Демократтар партиясынан АКШнын президенттигине ат салышарын билдирди.
«Мен Дональд Трампты жеңүү жана Американы кайрадан куруу үчүн президентикке барам»,- деп жазды ал «Твиттерге».
77 жаштагы Блумберг - өзүнүн атындагы маалымат агенттигинин негиздөөчүсү жана дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири. «Forbes» журналы анын байлыгын 52,5 миллиард долларга баалаган.
Блумберг Нью-Йоркко узак убакыт бою мэрлик кылган төрт саясатчынын бири. Бул кызматка Республикачылар партиясынан эки жолу шайланган, кийин өз алдынча талапкер болуп катышкан.
«Politico» журналы Блумберг президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн он жылдан бери караштырып жүргөнүн, бирок дайыма баш тартып келгенин жазды.