Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:01

Райымбек Матраимов өзү боюнча суроолорго даяр экенин билдирди


Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов чет өлкөдөн Кыргызстанга келип, өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялады.

Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгиледи.

Кайрылууда Матраимов кайсы мамлекетте экени жана Кыргызстанга качан келери жазылган эмес.

Парламенттин депутаты Ирина Карамушкина ал үй-бүлөсүн алып чет өлкөгө чыгып кеткенин айтып чыккан. Бул маалыматты Искендер Матраимов төгүнгө чыгарган.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө жарыяланган. Анда миллиондогон долларлар Кыргызстанга мыйзамсыз кирип-чыгып турганы айтылган.

Иликтөө ал иштерге Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экени сөз болгон. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (35)

XS
SM
MD
LG