Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан төрт киши өлүп, 11 адам жабыркады


Бишкек-Ош жолундагы кырсык. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Ош жолундагы кырсык. Иллюстрациялык сүрөт.

24-ноябрь күнү саат 23:50 чамасында Бишкек-Ош жолунун 163-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) «Мерседес-Спринтер» жана «Хонда-Степ» машинелеринин катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Кырсыктын кесепетинен бир эркек бала (4-5 жаштагы) жана үч аял киши мүрт кетип, 11 адам (эки эркек, алты аял жана үч бала) жабыркады (алардын аты-жөнү такталууда).

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, куткаруучулар жол кырсыгынан жаракат алгандарды «Тез жардам» кызматына, каза болгондордун сөөгүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга көп. Жол кырсыгынан баш-аягы 529 киши каза болуп, былтыркыга салыштырмалуу бул көрсөткүч 9,2 пайызга жогорулады. Өткөн жылы 484 адам өлгөн. Ал эми жараат алгандар 6353төн 7265ке көбөйүп, 14,3 пайызга көбөйгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG