Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:45

УКМК: Саймаитиге кол салуу боюнча текшерүү башталды


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөдө айтылган кытайлык ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстанда жүргөндөгү коркутуу фактысы боюнча текшерүү баштады. Атайын кызматтан алынган маалыматка ылайык, буга чейин Башкы прокуратура тарабынан «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча иш сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Бул ишти иликтөө УКМКга жүктөлгөн. Анын негизинде УКМКнын, ИИМдин жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөөчүлөрүнөн турган тергөө тобу түзүлдү. Учурда тергөө жүрүп жатат.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG