Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү аяктай элек


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү боюнча текшерүү уланууда. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Ал текшерүүнүн узакка созулганын банктык жана мүлк боюнча текшерүүгө көп убакыт керек экени менен түшүндүрдү.

Ошондой эле Сагынбаев «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө боюнча пикирин билдирип, бул схемаларга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тиешеси болушу мүмкүн деген версияга ишенбей турганын билдирди.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы иштен бошотулган. Бирок кийин бул үчүн өкмөттү сотко берип, утуп алган.

2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштирилерине убада берген.

Финполициядагы топ февраль айынын бери иштеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG