Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Милиция: «#REакция» акциясы мыйзамсыз өтүп жатат


«#REакция» жарандык акциясы. 25-ноябрь, 2019-жыл.
«#REакция» жарандык акциясы. 25-ноябрь, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Казакеев Бишкектин Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы мыйзамсыз өтүп жатканын айтты. Ал буга Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 13-ноябрдагы чечимин жүйө кылды.

- «13-ноябрдан баштап негизги аянтка митинг өткөрүүгө болбойт» деп тыюу салынган. Ошондуктан бул митинг мыйзамсыз, - деди Казакеев.

Бирок жарандардын өз пикирин ачык айтууга укугу бар экенин, акциянын катышуучулары мыйзамды бузбай, башка адамдарга тоскоолдук жаратпаса акцияны токтотуу иштери болбой турганын кошумчалады.

«#REакция» жарандык акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген талаптарды коюшууда. Алар колдоруна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн жана өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Бул акция «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланышына байланыштуу коомдо талкуу жараткан убакка туш келди. (BTo)

XS
SM
MD
LG