Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

«#REакциянын» катышуучулары бийликке кайрылышты


«#REакция» жарандык акциясы. 25-ноябрь, 2019-жыл.
«#REакция» жарандык акциясы. 25-ноябрь, 2019-жыл.

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү.

Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды айтып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты.

Алар колдоруна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн жана өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Ошондой эле футболдо эреже бузгандарга эскертүү катары көрсөтүлчү «сары айып кагазын» көрсөтүштү. Акциянын жыйынтыгында президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алышты.

Бул акция «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланышына байланыштуу коомдо кызуу талкуу жаралган учурга туш келди. (BTo)

XS
SM
MD
LG