Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

Гонконг: райондук кеңешке шайлоодо оппозиция жеңди


Баштапкы маалыматтар боюнча райондук кеңештердеги шайлоодо демократиячыл талапкерлер жеңди.
Баштапкы маалыматтар боюнча райондук кеңештердеги шайлоодо демократиячыл талапкерлер жеңди.

Гонконгдо 24-ноябрда 18 райондук кеңеште шайлоо өттү. Добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгы боюнча, анда демократиялык күчтөрдүн өкүлдөрү 452 орундун 396сын, тактап айтканда 89 пайызын жеңип алды. Мандат алгандардын катарында Гонконгдогу бийликке каршы калайман нааразылык акцияларын уюштурган лидерлер да бар. Жалпысынан 1090 талапкер ат салышкан.

Буга чейинки чакырылыштарда райондук кеңештердеги орундун 75% өкмөтчүл партиялардын өкүлдөрү ээлеп келген.

Добуш бергендер жалпы шайлоочулардын 71 пайызын түздү. Мындан мурдагы соңку шайлоодо катышуулардын саны 47 гана пайыз болгон.

Райондук кеңештердин мүчөлөрү адатта ошол аймактагы жергиликтүү тургундардын жашоо-шартын жакшыртуу, көрктөндүрүү-жашылдандыруу сыяктуу маселелер менен алектенет. Бирок парламентте алардын алты өкүлү болот жана райондук кеңештердин өкүлдөрү шаар башчысын шайлоого катышат.

Гонконгдо бир канча айдан бери миңдеген адамдарды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон. Кийинчерээк жаңжалдын башкы себепкери болгон бул документти шаар жетекчилиги парламенттен биротоло кайтарып алган.

Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG