Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

«Тазалык» ишканасы: Митингден кийин аянт таптаза экен


Бишкек. Митинг. 2019-жылдын 25-ноябры.
Бишкек. Митинг. 2019-жылдын 25-ноябры.

«Тазалык» ишканасы бүгүн Бишкекте акция уюштургандарга ыраазычылыгын билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Жибек Каракеева «Фейсбуктагы» баракчасына «Митингден кийинки тазалык үчүн рахмат! Аянт таптаза экен. Бир да грамм таштанды чыгарган жокпуз. Адамдар баарын өздөрү тазалап кетишиптир» деп жазды.

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү.

Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды айтып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты.

Бул акция «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланышына байланыштуу коомдо кызуу талкуу жаралган учурга туш келди. (RK)

XS
SM
MD
LG