«Кылым шамы» укук коргоо борбору Бишкекте 25-ноябрда өткөн митинг боюнча өз байкоолорун жарыялады.
Уюм тараткан билдирүүдө митинг учурунда эч кандай мыйзам бузуу катталбаганы, жалпысынан иш-чара 2200 адамдын башын бириктиргени айтылат.
«Иш-чара башталып жаткан учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери келип, шаардын борбордук бөлүгүндө тынч жыйын уюштурууга убактылуу чектөө киргизилгенин айтышты, бирок акцияны өткөрүүгө тоскоолдук кылышкан жок. Ошол эле учурда уюштуруучуларга карата протокол түзүлөрүн эскертишти», деп билдирди «Кылым шамы».
Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү.
Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды айтып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты.
Милиция органдары «Азаттыктын» «Митингге канча киши катышты, иш-чарада кандайдыр бир мыйзам бузуу катталган жокпу?» деген суроосуна азырынча жооп берише элек. (RK)