Иракта жекшембиде жер-жерлерде бийликке каршы нааразылык акциялары уланды. Өлкөнүн түштүгүндөгү Басра аймагында демонстранттар менен полиция кагылышып, бери дегенде жети киши мерт болду. Дагы төртөө Нассирияда, ал эми Нажаф менен Диванье провинцияларында эки адам ажал тапты.
Кагылышта кеминде 150 киши жаракат алганы кабарланды. Анын алдында чийки мунайдын 85% өндүрүлгөн Басрада митингчилер дөңгөлөктөрдү өрттөп, кан жолдорду тороп салышкан.
Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. Тоз-тополоңдо өлгөндөрдүн саны бери дегенде 350гө чамалады.
Иракта 40 миллиондой эл жашайт жана ал кара май өндүрүп, экспорттогон дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелет.