Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Чаткалда айрым тургундар «Вертекс» компаниясына каршы чыгышты


Каныш-Кыя айылында өткөн жыйын.
Каныш-Кыя айылында өткөн жыйын.

Чаткалда «Вертекс» компаниясынын калдык сактоочу жайынын курулушуна каршы чыккандар чогулду. Райондун борбору Каныш-Кыя айылында өткөн жыйын учурунда «Вертекс Голд Компани» кен ишканасы салууну пландап жаткан өндүрүш жайынын курулушуна каршы пикирлер айтылды.

Райондун тургуну жана жергиликтүү активист Өмүрзак Токтогулов Чаткал өрөөнүнүн экологиясынын бузулушун эске алуу менен, аталган фабрикадан иштетилип чыккан чыгындылар топтолуучу жайдын курулушуна каршы экендигин билдирди.

- Чаткалда кен казууга 158 лицензия берилиптир. Алардын ичинен төрт компания алтынды фабрикада иргеп алат экен. Алтынды иргеп алууда уулуу заттар колдонуларын билип, экологияга коркунуч алып келерин эскертип жатабыз. Мындан сырткары «Вертекс Голд Компани» ишканасы куруп жаткан калдык сактоочу жай тоо башында, агын суунун жээгинде жайгашат экен. Кокустан көчкү жүрүп, жарылып кетсе бизге эмес, кошуна өлкөлөргө да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени Чаткал дарыясынын суусу Өзбекстандын Ташкент облусуна агып барат, - деди Өмүрзаков.

Мындан сырткары тургундар аталган компанияда жергиликтүү жашоочулар аз санда жумушка тартылганын, компаниянын Чаткалда туруктуу иш кеңсеси жок экендигин да айтышты.

Каныш-Кыя айылында өткөн жыйында «Вертекс Голд Компани» ишканасынын жетекчилиги өндүрүш жайынын курулушу тууралуу район тургундарына маалымат берди. Компаниянын жетекчилиги мында бардык техникалык жана экологиялык коопсуздук жагдайлары эске алынганын жана тийиштүү адистердин көзөмөлү алдында куруларын билдирди. 100дөй адам катышкан жыйынга район акими жана тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.

«Вертекс Голд Компани» ишканасы 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр кенин иштетип келет. Азыркы тапта ишканада 500дөн ашуун адам эмгектенет, анын ичинде Чаткал районунун жашоочулары да бар. Жамгыр кенинде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган. Буга байланыштуу Чаткалдагы «Вертекс Голд Компани» ишканасы ал жерде 300 миң тонна кен иштетүүгө кубаты жете турган алтын чыгаруучу фабриканы, вахталык айыл, административдик-тиричилик комплексин жана башка объектилерди курууну пландап жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG