Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 05:58

Өкмөт бажыдагы кырдаал боюнча маалымат берди


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын маңдайында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Алтынбек Торутаев.

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн бажы органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу иши тутумдуу негизде жүрүп жатканын кабарлады. Аткаруу бийлиги учурда коррупцияга каршы күрөшүү механизмдеринин натыйжасы жетишсиз экендигин премьер-министр түшүнөрүн, кадрдык жүрүштөр менен эле өзгөртүүлөрдү кылуу мүмкүн эмес деп эсептей турганын жарыялады.

Маалыматта бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттик иликтөө жана анда ысымдары аталган адамдардын коррупциялык иш-аракеттери азыркы тапта тиешелүү органдар тарабынан иликтенип жатканы айтылат.

«Учурда сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, ар тараптуу жана терең териштирүү үчүн мекеме аралык тергөө тобу түзүлдү», деп айтылат билдирүүдө.

Бажыдагы мыйзамсыз иштерге бөгөт коюш үчүн «Торугарт», «Эркечтам» бажы постторунда заманбап текшерүү комплекстери пайдаланууга берилгени мисал келтирилген.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG