Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:04

Фактчек: Бишкектеги тынч митингге 1251 адам чыкты


Жарандык коомдун "#REакция" акциясы.
Жарандык коомдун "#REакция" акциясы.

Factcheck.kg басылмасы Бишкекте 25-ноябрда өткөн тынчтык митингине 1251 адам чыкканын билдирди.

Сайттын редактору Болот Темировдун айтымында, адистер элдин санын заманбап технологиянын жардамы менен эсептеп чыгышты. Анын жол-жобосу сайтка жарыяланды.

Мурдараак «Кылым шамы» укук коргоо уюму митингге 2200 адам келгенин, иш-чарада мыйзам бузулбаганын маалымдаган.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жарандык активисттер коррупцияга каршы «#REакция» деп аталган митинг уюштурушкан.

Бир сааттан ашык убакытка созулган иш-чаранын катышуучулары бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты.

Милиция органдары «Азаттыктын» «Митингге канча киши катышты, иш-чарада кандайдыр бир мыйзам бузуу катталган жокпу?» деген суроосуна азырынча жооп берише элек. (SE)

XS
SM
MD
LG