Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Кыргызстан ЖККУдагы төрагалык милдетин жыйынтыктайт


ЖККУ мамлекеттеринин туулары.
ЖККУ мамлекеттеринин туулары.

Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККК) төрагалык милдетин 28-ноябрда Бишкекте саммит өткөрүү менен жыйынтыктайт.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында бул тууралуу айтып, бир жыл ичинде уюмда коопсуздук маселелерин, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылык берилгенин билдирди.

Бишкекте өтчү саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

Уюмга Кыргызстан, Орусия, Беларус, Армения, Казакстан жана Тажикстан мүчө. Бишкектеги жыйынга аталган өлкөлөрдүн лидерлери келет жана КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышары расмий кабарланды.

Мүчө мамлекеттердин ар бири кезеги келгенде бир жылдан уюмга төрагалык кылышат. (SE)

XS
SM
MD
LG