Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

«#REакция»: Москвадагы активисттер президентке кайрылышты (видео)


#REакция: Москвадагы мекендештердин үнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

Москвадагы активисттер кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттыктын» иликтөөсүндө кеп болгон бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу маалыматты текшерип, тиешелүү чара көрүүнү өтүнүштү.

Орус калаасындагы мигранттардын облустук бирикмелеринин жетекчилери жана жигердүү өкүлдөрү коррупция менен күрөштө өкмөттүк органдар өз милдеттерин аткарбастан, бул милдет журналисттерге жүктөлүп жатканына нааразы болушту. Ошондой эле «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган маалыматтарды текшерип, бажыдагы коррупцияны аныкташ үчүн курамына өз алдынча адистер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген мамлекеттик деңгээлдеги комиссия түзүүнү өтүнүштү.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин октябрдагы маалыматына ылайык, бул өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны 750 миңден ашты. Москва шаарында жана облусунда мигранттардын басымдуу бөлүгү – 350 миңдей кыргызстандык иштейт.

Бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жарандык активисттер коррупцияга каршы «#REакция» аттуу митинг уюштурушкан. Бир сааттан ашык убакытка созулган иш-чаранын катышуучулары бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты.

«Азаттыктын» ушул жылдын май айындагы иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. Иликтөөнүн экинчи бөлүгү 21-ноябрда жарыяланып, ал коомчулукта кызуу талкуу жаратты. (LzT)

XS
SM
MD
LG