Өкмөт 25-ноябрда Бишкекте коррупцияга каршы өткөн митингге реакция кылышы керек. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө ушундай пикирин айтып, бул өкмөттүн түздөн-түз милдети экенин билдирди.
Өкмөт жарандык акцияга байланыштуу азырынча билдирүү жасай элек.
Митингдин алдында таратылган расмий билдирүүдө аткаруу бийлиги учурда коррупцияга каршы күрөшүү механизмдеринин натыйжасы жетишсиз экендигин премьер-министр түшүнөрүн, кадрдык жүрүштөр менен эле өзгөртүү жасоо мүмкүн эмес деп эсептей турганын жарыялаган.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жарандык активисттер коррупцияга каршы «#REакция» деп аталган митинг уюштурушкан.
Бир сааттан ашык убакытка созулган иш-чаранын катышуучулары бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты.
Байкоочулардын жана митингчилердин эсебинде ага 2 миңден ашуун, милициянын маалыматы боюнча 400дөн көп адам катышты. (SE)