Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Дрезденде байыркы зер буюмдар музейин тоноп кетишти


Германия канцлери Ангела Меркел «Жашыл саябан» музейинде. 2006-жыл.
Германия канцлери Ангела Меркел «Жашыл саябан» музейинде. 2006-жыл.

Германиянын Дрезден шаарында «Жашыл саябан» аттуу байыркы зер буюмдар музейинен экспонаттар уурдалды. «Bild» гезити кабарлагандай, уурулар музей жайгашкан Дрезден сепилине 25-ноябрда таңга жуук кирип, зер буюмдарды алып кетишкен. Чоң экспонаттар ордунда калган.

Калаанын криминалдык полициясынын башчысы шектүү эки киши видеокөзөмөл камерасына түшүп калганын билдирди. Алардын кимдер экени, тек-жайы тактала элек. Алар терезедеги торду бузуп, айнекти талкалап киришкен. Тартип сакчылары шектүүлөр музейге минип келген машинени издөөгө алды.

XVIII кылымдан берки коллекциядан уурдалган буюмдар өтө кымбат, баалуу болгондуктан, зыян болжол менен миллиард еврого барабар экени айтылды.

XS
SM
MD
LG