Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

УКМК: Оң рулдуу машинелерди алып кирген схема аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы оң рулдуу автоунааларды алып кирип, мыйзамсыз каттоого алган схема аныкталганын маалымдады. Атайын кызматтын маалыматына караганда, бул мыйзамсыз ишти Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» ишканасынын айрым кызматкерлери жасап турушкан.

23-ноябрда ыкчам иликтөө иштеринин негизинде жогорудагы схема менен тыштан кирген оң рулдуу 10 машинени кармашкан. Кылмышка шектүү катары «Унаа» ишканасынын бир кызматкери УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул мыйзамсыз схемага тиешеси бар дагы башка тийиштүү кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда 2015-жылдан баштап оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG