Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны жана Мукамбет Касымалиевди кызматынан бошотуу тууралуу сунушун жактырды. Мындай чечимди комитет 26-ноябрдагы жыйынында кабыл алды. Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев билдиргендей, алардын жети жылдык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу ушундай чечим чыкты.
Жумуштан бошотуу сунушу айтылган Эркинбек Мамыров жана Мукамбет Касымалиев буга чейин Конституциялык судьянын төрагалыгын аркалап келишкен. Ал эми Мээргүл Борбукеева сот-катчы болуп эмгектенген.
Буга чейин Эркинбек Мамыровдун экс-президенттин макамы боюнча мыйзам долбоору жөнүндө айткан пикири бийлик органдарынын сынына кабылып, аталган маселени кароодон аны четтетишкен болчу.
Конституциялык соттун курамы 11 судьядан турат. Ушу тапта анда кворум жок, азырынча алты судья гана иштеп жатат. Буга чейин судьялар Курмантай Абдиев жана Куанбек Киргизбаев жаш курагы чегине жеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулган. (BkA)