Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Отунбаева: бийлик элди ынандыра тургандай жооп бериши керек


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда экс-президент Роза Отунбаева көрсөтмө берип чыгып, бажы тармагындагы коррупция боюнча журналисттердин иликтөөсүнө пикирин айтты:

- Ушундай иштер пайда болгондо, тез арада баш-аягын ордуна коюп, элди тынчтандыра турган жооп болуш керек. Чын эле мамлекетибиз ордунда, бийлик сабаттуу, көп нерсени билет деген иш-аракеттерди жасашы керек.

25-ноябрда Бишкекте жүздөгөн адамдар борбордук аянтка чогулуп, бийликтен корупцияга каршы күрөшүүнү талап кылышкан. 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы боюнча маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган. Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Журналисттик иликтөө боюнча кийинчерээк Райымбек Матраимов бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялады. Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгилеген. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG