Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Албанияда жер катуу силкинип, кеминде алты адам мерт болду


Албания сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкан.  
Албания сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкан.  

Табигый кырсыктан дагы 300дөй киши жабыркады. АКШын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жетти жана очогу борбор калаа Тирананын чыгыш-батыш тарабынан 30 чакырым алыстыкта, 20 чакырым тереңдикте орун алды.

Тирана, Тумане жана Дуррес шаарларында бир катар имараттар, турак жайлар кыйрады. Албаниянын президенти Илир Мета жагдайды «кейиштүү» деп сүрөттөдү жана урандынын алдында калгандарды алып чыгуу үчүн болгон аракет жумшалат деп ишендирди.

Премьер-министр Эди Раманын айтымында, коңшу мамлекеттер, Европа Биримдиги жана АКШ жардамдашарын билдирди жана Косоводон куткаруучулар тобу келе жатканы белгилүү болду.

Европадагы эң жакыр мамлекет деп эсептелген Албанияда соңку жер титирөө сентябрь айында катталган. Бул мамлекет Адриатика жана Иониа деңизин жээктей, сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкандыктан маал-маалы менен жер силкинип турат.

XS
SM
MD
LG