Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Тбилисиде полиция парламенттин алдын тороп алгандарды кууп таратты


Грузин оппозициясы парламенттин оозун мындан ары деле торой берерин билдирүүдө.
Грузин оппозициясы парламенттин оозун мындан ары деле торой берерин билдирүүдө.

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында шейшемби күнү таң эрте парламенттин алдында нааразылык акцияга чыккандар «Грузин кыялы» башкаруучу партиясынын депутаттарынын жыйынга чогулушуна жолтоо болгонго аракет кылышты. Полиция имараттын кире беришин тороп алгандарга суу бүркүп, кууп таратты.

Кагылышта бери дегенде үч адам жабыркаганы белгилүү болду. Анда бир катар оппозициялык лидерлер, алардын катарында мурдагы президент Михаил Саакашвилинин тарапташтары кармалып, кайра бошотулду. Оппозиция өкүлдөрү сессия болгон сайын парламенттин кире беришин торой беришерин айтышты.

Мунун алдында бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы шайлоо системасын өзгөртүүдөн баш тарткан. Партиянын лидерлери мындан ары шайлоону мажоритардык система менен гана өткөрүш үчүн келерки жылдары ушул маселе боюнча референдум өткөрүү пландалып жатканын билдирген. Бул грузин оппозициясынын талаптарына караманча каршы келет. Алар шайлоо мажоритардык система менен гана өтүшү керек деп эсептешет.

Тбилисиде 14-ноябрдан бери токтобой жаткан нааразылык акцияларына парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү жоболору каралган мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себепкер болгон.

Быйыл жайында да Тбилисиде миңдеген адамдар көчөгө чыгып, шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Анда эл менен полиция кагылышып, жалпысынан 240 киши жабыркаган болчу.

Грузияда азыр аралаш шайлоо системасы колдонулат. Парламенттеги 150 депутаттын 77си пропорционалдык, ал эми калганы мажоритардык система менен шайланат. Өлкөдө кийинки парламенттик шайлоо эмдиги жылы өтөт.

XS
SM
MD
LG